Жарандарда транспорт каражатына, турак үй, батир жана үй жанындагы жер участогуна салыкты белгиленген мөөнөттө төлөө үчүн 10 күн калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.
1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:
Белгилеп кетсек, салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып каралган.