Өсүмдүк майы кымбаттады

02.10.2020, 15:20 Акчабар
Өсүмдүк майы кымбаттады

Кара-Балтада өсүмдүк майдын баасы кымбаттап кеткен. Бул тууралуу «‎Акчабарга» өздүк булактар билдиришти. 

Аймактагы жашоочулардын айтымында, бүгүнкү күндө 1 литр «Аведовъ» майына болгон баа 103 сомду түзүүдө.

Учурда Кара-Балтанын калкы азык-түлүктүн аздыгына нааразы болуп жатышат. Алардын айтымында, азыркы учурда дүкөндөн күнүнө 5 литрден ашык суу май сатып алууга мүмкүн эмес. 

 

«Суу майдын жетишсиз болуп жаткандыгынын бирден бир себеби, Россияда түшүмдүн аздыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн», — деп божомолдоду дүкөндүн сатуучусу.  

Белгилей кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кара-Балтада сентябрда 1 литр суу майга болгон баа 96.25 сомду түзгөн. 

Тэги: Кара-Балта өсүмдүк май баа кымбат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу