Ушул жылдын январь-июнь айларында майнерлер бюджетти ишмердүүлүк салыгы түрүндө 6 миллион 737 миң 928 сомго толукташты. Мындай маалыматтарды Каржы министрлиги мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча жаңы отчетунда келтирди.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде казынага түшкөн майнинг салыгы 2 миллион 634 миң 916 сомду гана түзгөн. Башкача айтканда, 4 млн 103 миң сомго аз.
Муну менен майнерлердин ишмердүүлүгүнөн мамлекеттик казынага түшкөн киреше 2,5 эсеге өстү деген жыйынтыкка келүүгө болот.