Ата мекендик компания криптобиржа иштетүүгө лицензия алды

26.06.2023, 11:51 Акчабар
Ата мекендик компания криптобиржа иштетүүгө лицензия алды

 

Ушул жылдын 19-июнунан 23-июнуна чейинки жума ичинде Финансылык көзөмөл органы тарабынан лицензиялык-уруксат берүүчү документтер берилген, баалуу кагаздардын эмиссиясын мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн, ошондой эле эмиссиянын жыйынтыгы таанылган.

Белгилеп кетсек, ата мекендик “Биткор” компаниясы 2023-жылдын 28-апрелинде катталган, виртуалдык активдерди сатуу оператору (криптобиржа) катары иштөөгө лицензия алган.

Мындан тышкары, бир жуманын ичинде Финансылык көзөмөл органы тарабынан төмөнкүдөй документтер берилген:

  • “Digital Asset Investments” ЖАК - жөнөкөй аталыштагы акциялардын уюштуруучу чыгарылышын мамлекеттик каттоо; 
  • “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАК — жөнөкөй аталыштагы акциялардын экинчи чыгарылышын мамлекеттик каттоо;
  • "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК - жөнөкөй аталыштагы акциялардын үчүнчү чыгарылышын мамлекеттик каттоо;
  •  ЖАК АКБ Толубай — 26-чыгарылыштагы жөнөкөй акцияларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
  • “АЛГА Финанс” ЖАК - жөнөкөй аталыштагы акциялардын үчүнчү чыгарылышын мамлекеттик каттоонун жыйынтыгы таануу; 
  • “Меркатор” ААКсы — жөнөкөй аталыштагы акциялардын экинчи чыгарылышын мамлекеттик каттоонун жыйынтыгы таануу; 
  • “Евразиялык сактык банкы” ААК - жөнөкөй аталыштагы акциялардын үчүнчү чыгарылышын мамлекеттик каттоонун натыйжалары таануу: 
  • “МТН”  ЖЧКсы - виртуалдык активдердин биринчи эмиссиясын мамлекеттик каттоонун натыйжалары таануу; 
  • “Эрнст энд Янг Аудит” ЖЧКсы — Аудитордук уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоодон өткөрүү; 
  • Елизавета Цой - аудиторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоодон өткөрүү; 
  • Атай Сүйөралиевди мамлекеттик каттоо аудиторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестринде жүргүзүлдү. 

Тэги: экономика Финнадзор лицензия криптобиржа бизнес аудиторы акции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу