Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө жана Орусияга салыштырмалуу Кыргызстанда бизнести мамлекеттик колдоо алсыз. Бул тууралуу Бишкек инвестициялык форумунда (BIF-2022) “Куликовский” кондитердик үйүнүн башкы директору Денис Гайворонский билдирди.
Анын айтымында, мисалы Казакстанда бийлик завод куруу үчүн жерди бекер берүүнү сунуштап жатат. Орусияда, жер тилкесинен тышкары, ишкерлер үчүн 3 жыл жеңилдетилген мезгил менен жылына 1% менен насыяларды сунуштоодо. Бул ишкерлер үчүн абдан жагымдуу.
“Ошол эле учурда Кыргызстандын негизги артыкчылыгы – бул жергиликтүү сырье, биздин суу. Башка өлкөлөрдө өндүруш өндүрүүдө биз 76% ата мекендик өндүрүмдү колдонобуз”, - деди Гайворонский.
Тойбостун негиздөөчүлөрүнүн бири Мырзабек Орумбаев да Кыргызстандын сырьёсу менен өндүрүмдөрүнүн өзгөчөлүгүн белгиледи. Ал Кыргызстан өлкөнү чийки зат менен камсыздоого күч-аракетин жумшашы керектигин, анткени жеткирүү чынжырлары үзгүлтүккө учураган учурда азык-түлүк коопсуздугуна кепилдик берүү кыйын болорун кошумчалады.
Белгилеп кетсек, BIF-2022 инвестициялык форумуна Кыргызстандан жана Борбор Азия мамлекеттеринен, ошондой эле дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн ишкерлер, эксперттер катышууда.