Улуттук банк Кыргызстандын "Элкарт" жана Орусиянын "Мир" улуттук төлөм карталары менен эсептешүү системаларынын ортосундагы системалар аралык интеграция өчүрүлгөндүгү боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматта айтылгандай, Улуттук банк банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын учурдагы ишине кийлигишпейт.
"Ушуга байланыштуу "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК (мындан ары – "БПБ" ЖАК), өлкөдөгү коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тобокелдиктерге баа берүүнү эске алуу менен өздөрүнүн инфраструктурасында "Мир" карталарын тейлөөнү кошуу/өчүрүү боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышат", - деп айтылат билдирүүдө.
"БПБ" ЖАКтын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 3-апрелинде саат 12:00дө (Бишкек убактысы боюнча) "Мир" төлөм системасы менен "Элкарт" улуттук төлөм системасынын ортосундагы системалар аралык интеграциянын алкагындагы төлөмдөр токтотулду.
Ага ылайык, төмөндөгүлөр өчүрүлдү:
Ошону менен бирге, Кыргызстан жана Россиянын коммерциялык банктарынын ортосунда түз келишимдик мамилелер болгон учурда коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелерин пайдалануу менен, ошондой эле эсеп ачпастан акча которуу системалары аркылуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда акча которууларды жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү сакталары белгиленди.