Бишкектен Шарм-эль-Шейхке түз аба каттамдары ачылды

30.11.2022, 11:00 Акчабар
Бишкектен Шарм-эль-Шейхке түз аба каттамдары ачылды

Египеттин “Red Sea Airlines” авиакомпаниясы Шарм-эль-Шейх – Бишкек – Шарм-эль-Шейх багыты боюнча чартердик каттамдарды ачты. Учуулар ыңгайлуу Boeing 737-800 учактарында ишке ашырылат. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти.

Быйыл күз-кыш мезгилине биринчи чартердик рейс 30-октябрда “Манас” эл аралык аэропортунан Египетке учуп кетти.

“Белгиленген убакыттан бери Шарм-эль-Шейхке үч чартердик каттам аткарылды. Төртүнчүсү 29-ноябрга пландалууда”, - деп билдирди аэропорттун басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, Бишкек-Шарм-эль-Шейх каттамына байланыштуу бардык суроолор боюнча аэропорттун өкүлдөрү авиакомпания менен түз байланышуу зарылдыгын билдиришти.
 

Тэги: новости Кыргызстана аэропорт Манас Шарм-эль-Шейх

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу