Грозныйдан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти.
Каттамдар россиялык компания тарабынан жумасына бир жолу, бейшемби күндөрү аткарылат.
Грозный—Бишкек—Грозный багыты боюнча туруктуу авиакаттамдын ачылышы 11-августка белгиленген.
Билеттин баасы болжол менен 12 миң рубль же 17 миң сомдун тегерегинде.