Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды.
"Манас" эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Кытайдын борборунан Бишкекке биринчи каттам менен 90 жүргүнчү учуп келип, Кыргызстандын баш калаасынан Пекинге 150 жүргүнчү учуп кетти.
Жүргүнчүлөрдү кытайлык компания ташып баштады. Жаңы каттам жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү каттайт.