Кыргызстандан Түркияга акча которуу үч эсе кыскарды

16.05.2023, 09:04 Акчабар
Кыргызстандан Түркияга акча которуу үч эсе кыскарды

Быйыл март айынын башында Кыргызстандан 42,2 млн. доллар акча тышкы өлкөлөргө которулган. Бул февраль айына салыштырмалуу 14,75%га аз. 

Которулган акчалардын эң көбү Орусияга (36,6 млн. доллар) кеткен, бул февраль айына салыштырмалуу 6,71%га көп.

Тескерисинче, КМШдан тышкаркы өлкөлөргө акчанын агымы кыйла азайган.  Ал 68%га, 15 млн. доллардан 4,8 млн. долларга чейин төмөндөгөн. Бул Түркияга агылып чыгуунун олуттуу азайышы менен шартталган. Ал 68,6%га төмөндөп, 14 млн. доллардан 4,4 млн. долларга чейин түшкөн. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда үч айда 149,6 млн. долларга жалпы каражат агылып кеткен, бул 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 34,9%га көп. 

 

Тэги: новости Кыргызстана отток деньги денежные переводы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу