Кыргызстанда кумар оюндарына 5 лицензия берилди. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, анын төртөөсү букмекердик ишмердүүлүккө, бирөөсү казиного тиешелүү.
“Алымдарды төлөөдөн бюджетке 126 млн. сом түшкөн, анын 42 млн. сому букмекердик кеңселерден, 84 млн. сому казинолордон түшкөн”, - деди ал.
Ошондой эле, Пирназаров Кыргызстандын жарандарына оюн-зоок жайларга барууга тыюу салынганын белгиледи.