Өзбекстан Кыргызстанга 10 миң түп мөмө-жемиштин көчөттөрүн берет

19.03.2021, 10:30 Акчабар
Өзбекстан Кыргызстанга 10 миң түп мөмө-жемиштин көчөттөрүн берет

Өзбекстан Кыргызстанга 10 миң түп мөмө-жемиштин көчөттөрүн, 1 миң тонна күздүк буудайдын үрөнүн жана 500 тонна пахтанын «Султан»сортун берүүгө даяр. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Кыргызстандын жана Өзбекстандын Айыл чарба министрликтери айыл чарба тармагы жана азык-түлүк менен камсыздоо боюнча кызматташуу планына кол коюшту.  

Планга айыл чарба продукцияларын жеткирүү, дан эгиндеринин жана башка өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун эки өлкөнүн аймагына тестирлөө, каттоо жана кабыл алуу, Өзбекстандын жогорку окуу жайларына студенттерди «мал чарбачылык» багытында окутуу маселелери киргизилген. 

Кошумчалай кетсек, тараптар 1 миң квадрет метр аянтты түзгөн күнөскана куруу мүмкүнчүлүгүн дагы талкуулашты.

Тэги: Кыргызстан Өзбекстан план

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу