Өзбекстан коронавирус менен каршы күрөшүү үчүн  1.6 млрд доллар карыз алат

24.04.2020, 13:30 Акчабар
Өзбекстан коронавирус менен каршы күрөшүү үчүн  1.6 млрд доллар карыз алат

Өзбекстан коронавирус менен каршы күрөшүү үчүн  1.6 млрд доллар өлчөмүндө карыз алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул тууралуу pordrobno.uz порталы өкмөт башчы Жамшид Кучкаровдун берген маалыматына таянуу менен билдирди. 

 

«Эл аралык валюталар фонду менен 375 млн $, Дүйнөлүк банктан - 750 млн доллар, Азия өнүктүрүү банкынан - 500 млн доллар карыз алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү», – деп айтты ал. 

Анын айтымында, Өзбекстанда жакырчылыкты кыскартуу боюнча иш-аракеттер бир дагы мүнөт токтоп калган жок. 

«Эл аралык уюмдар менен биргелешип иш алып баруу бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлүүдө. Мисалы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо тууралуу иштер жүрүп жатат. Андан сырткары, биз экономикалык мүмкүнчүлүктөргө карап, аларга кандай жардам берүү керектиги тууралуу ойлонуп жатабыз», – деп кошумчалады өкмөт башчы. 

Тэги: Өзбекстан Эл аралык валюталар фонду карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу