Өзгөчө абалдын убактысы узартылышы мүмкүн

13.04.2020, 14:00 Акчабар
Өзгөчө абалдын убактысы узартылышы мүмкүн

Оорунун күн санап өсүшүнөн улам дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алуу менен, Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын атынан, медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолгушууда айтты.

Ал маалымдагандай, бул чара коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн адамдар ортосундагы социалдык карым-катнашты азайтуу зарылдыгынан жаралган. 

Тэги: өзгөчө абал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу