Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Ооганстан боюнча 17-кезексиз сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистандын тышкы иштер министри Махмуд Шах Махмуд Куреши менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде Пакистандын медициналык комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын таанууга байланышкан маселелерди талкуулашты.
Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда түз туруктуу аба каттамдарын ачуу темасын да көтөрүштү.