Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча республикалык инспекциясы тарыхый-маданий мурас объектилеринин картасын түзүүгө тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Тендердин жалпы суммасы 8,2 млн сомду түзөт.
Бул акчага Чүй облусунун Панфилов районундагы тарыхый-маданий мурастардын картасын түзүү пландалууда.