Парламент мугалимдерди мазактагандарга айып салуу мыйзамын жактырды

12.01.2023, 14:00 Акчабар
Парламент мугалимдерди мазактагандарга айып салуу мыйзамын жактырды

Бүгүн, 12-январда парламент жыйынында мугалимдерди мазактап-шылдыңдаган окуучу же ата-энеге чара көрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Ал үч окууда кабыл алынып, учурда президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Алгач мыйзам долбоорунда окуучу же ата-эне мугалимге сыйлабастык мамиле жасаса 3 миң сом, ал эми 12 жаштан 16 жашка чейинки балдарга 2 миң сом айып салуу керектиги демилгеленген. Бирок, бул сунушту бир топ депутат четке каккан.

Жыйынтыгында, окуучу мугалимди мазактаса ата-энесине оозеки жана жазуу түрүндө эскертүү берилери белгиленди.

“Мугалим кызматтык милдетин аткарып жатканда окуучу ага жаман сөздөрдү айтып, адепсиз жаңсоолорду көрсөтсө, же социалдык медиа аркылуу мазактаса 1 миң сом айып пул салынат. Бул эреже ата-энелерге дагы тиешелүү болот”, - деп айтылат маалыматта.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу