13-майда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында КР премьер-министринин КР Өкмөтүнүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн баяндамасында 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жана Өкмөттүн үстүбүздөгү 2020-жылга карата пландарына жана көйгөйлүү маселелерге токтолду.
«Өкмөт башчы жана ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти», — деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
Талкуулардын жыйынтыгында депутаттар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөтүнүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды.