Бир мандаттуу талапкерлер менен партиялар шайлоого жарым млрд сомдон ашык акча чогултушту

22.11.2021, 10:56 Акчабар
Бир мандаттуу талапкерлер менен партиялар шайлоого жарым млрд сомдон ашык акча чогултушту

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан бир мандаттуу округдар боюнча саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фонддорундагы акча каражаттары тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, шайлоого жалпысынан жарым миллиарддан ашык — 524 миллион 600,4 миң сом чогулду. Көпчүлүгү же 68,2% бир мандаттуу 321 талапкердин акчасы.

"19-ноябрда "Тундук" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебине 357 миллион 576,6 миң сом түшкөн", - деп билдирди БШК.

Алар түшкөн акчанын 62% же 219 млн 653,9 миң сомун шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу чыгымдарды жабууга жумшашкан.

Ошол эле маалда партиялар шайлоо фонддоруна акчаны дээрлик толугу менен коротушту, жалпысынан 18-ноябрда алар 7%дан бир аз көбүрөөк акча топтоду.

Эске сала кетсек, ушул жекшембиде, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Тэги: партии одномандатники избирательные фонды Кыргызстан выборы в ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу