Партиялар шайлоо фондундагы каражаттардын 85%ын өздөштүрүштү

05.11.2021, 14:53 Акчабар
Партиялар шайлоо фондундагы каражаттардын 85%ын өздөштүрүштү

Бүгүнкү күнгө карата саясий партиялардын шайлоо фондуна 120 миллион 180,4 миң сом түшкөнүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия билдирди.

Эске салсак, 28-ноябрда Кыргызстанда өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоого 21 саясий партия катышууда. "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-ноябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпысынан 120 млн 180,4 миң сом каражат түшүп, анын 102 млн 478 миң сому же 85% ашыгы өздөштүрүлгөн.

Кошумчалай кетсек, мыйзамдык нормаларга ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

  • талапкердин 1,5 миллион сомдон ашпаган өзүнүн каражаттары;
  • 100 миллион сомдон ашпаган саясий партиянын өзүнүн каражаттары;
  • ар бири 200 миң сомдон ашпаган жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары;
  • юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары, алардын ар бири 3 миллион сомдон ашпайт.

Тэги: выборы избирательные фонды деньги Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу