28-августка карата 18 саясий партия парламенттик шайлоого барууүчүн 225 млн 886.8 миң сом коротушкан. Бул маалыматты референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия маалымдады.
21-августтагы коротулган чыгымдарга салыштырмалуу, чыгаша 85.69% өскөн. Үгүт иштерине чыгымдарды көп короткон алдыңкы топ-3 партиянын ичине (жалпы көлөмдөн 47.5%),«Кыргызстан», «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары кирген.
Партиялар | Түшкөн каражат |
«Кыргызстан» | 43 125 420 |
«Биримдик» | 35 732 560 |
«Мекеним Кыргызстан» | 28 381 542 |
«Бир Бол» | 18 264 828 |
«Замандаш» | 14 681 417 |
«Ата-Мекен» | 22 980 636 |
«Республика» | 7 819 069 |
«Мекенчил» | 6 719 090 |
«Чон казат» | 6 038 446 |
Афганистан согушунун ардагерлер партиясы | 6 453 160 |
«Ыйман Нуру» | 5 511 267 |
«Ордо» | 5 921 946 |
«Реформа» | 6 078 218 |
«Социал-Демократтар» партиясы | 6 967 825 |
«Мекен Ынтымагы» | 5 964 000 |
«Бүтүн Кыргызстан» | 5 213 945 |
«Нур» | 33 490 |
«Кыргызстан жашылдар партиясы» | 0 |
Кошумчалай кетсек, мамлекеттик банктарга партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттын көлөмү дагы өскөн. Август айынын жыйынтыгы менен жалпысынан 265 млн 189.1 миң сом түшкөн (+42.4%). Муну менен катар 18 партиянын чыгашаларын кошуп эсептегенде учурда 39 млн сомдон ашыгыраак сумма бар.
Партиялар | Түшкөн каражат | Калган сумма |
«Кыргызстан» | 48073764 | 4948344 |
«Биримдик» | 65599900 | 29867340 |
«Мекеним Кыргызстан» | 31035000 | 2653458 |
«Бир Бол» | 21454070 | 3189242 |
«Замандаш» | 14989000 | 307583 |
«Ата-Мекен» | 15699160 | 7281476 |
«Республика» | 9500000 | 1680931 |
«Мекенчил» | 8608900 | 1889810 |
«Чон казат» | 6162914 | 124468 |
Афганистан согушунун ардагерлер партиясы | 7424000 | 970840 |
«Ыйман Нуру» | 5541350 | 30083 |
«Ордо» | 5925000 | 3054 |
«Реформа» | 6361468 | 283250 |
«Социал-Демократтар партиясы» | 7234510 | 266685 |
«Мекен Ынтымагы» | 5883156 | 80844 |
«Бутун Кыргызстан» | 5663300 | 449355 |
«Нур» | 33490 | 0 |
«Кыргызстан жашылдар партиясы» | 200 | 200 |