Бишкектен Балыкчыга жүргүнчү ташыган поезд 16-июндан тарта каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат. Ал эми 17-июлдан 31-августка чейин поезд Көлгө күнүнө жүрөт.
Билетти алдын ала 12-июндан баштап сатып алса болот.
Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, дем алышсыз кайрылса болот:
- мобилдик тел.: 0705 076696
- стационардык тел.: (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40