Патент төлөнүүчү жеке ишкердиктин түрү кыскарды

13.01.2023, 13:40 Акчабар
Патент төлөнүүчү жеке ишкердиктин түрү кыскарды

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 1-февралдан тарта патенттин негизинде жүргүзүлгөн иштин 19 түрү кыскартылып, 86дан 67 түр калат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Анын ичинде жеке ишкердик иштин 56 түрү 34кө чейин кыскарат. Токтомго ылайык, жеке ишкердик иштин төмөнкү түрлөрү алып салынды:

  • убактылуу түйүндөрдү колдонуу менен эсептөө жана көбөйтүү техникаларын тейлөө кызматтары, үйлөнүү салондорунун кызматтары, караоке кызматтары, базарларда лото оюндары;
  • эт жана канаттуулардын этинен (шашлык, гриль) даяр тамактарды жасоо жана сатуу, нан бышыруу (1 шкаф үчүн) боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

Ошондой эле, ишкердик иштен эмгек ишмердигине жер үстүндөгү транспорт иши, үн жазуу жана видео тартуу кызматтары, сүрөтчүлөрдүн иши, анын ичинде сүрөттөрдү жана портреттерди сатуу, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды (музыканттар, тамада, бий жана актердук топтор башка сахналык спектаклдер) тейлөө кызматтары которулду. 
 
Жаңы иштин түрлөрү менен авто унаа каражаттарын жууп-тазалоо кызматтары, 3 орундуу отургучту пайдалануу менен жеке стоматология кызматтары жана сауна кызматтары (кызматтын наркына жараша) толукталды; 
  
Кошумчалай кетсек, өзүнүн кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү боюнча эсептер өзгөрдү. Ага ылайык, патенттин баасы 1 чарчы метр үчүн аныкталат, ал эми мурда – бөлмөнүн санына жараша эсептелчү.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу