Он айда жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөөдөн бюджетке 320 млн 443,6 миң сомдон ашык түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.
Бул январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 43,1 млн сомго көп.
Ошол эле учурда, “Коопсуз шаар” боюнча санкциялардан жана айып пулдардан 91 млн 21,5 миң сом түшкөн. Анын ичинен кыргызстандыктар октябрь айында эле 6 млн сомдон ашык төлөшкөн.