Жаңы пенсиялык реформада пенсияга арыз берүү үчүн паспорт гана талап кылынат деген норма камтылды. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Ал эске салгандай, эркектер 63 жашта, аялдар 58 жашта пенсияга чыгышат.
“Жаңы пенсиялык реформага ылайык, жаран пенсиялык фондго паспорт менен гана келсе болот. Биз 1996-жылдан бери ар бир жарандын жекелештирилген эсебин жүргүзүп келебиз”, - деди ал.
Алиев пенсиянын өлчөмүн жогорулатууга токтолуп, Социалдык фонд пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө 600 миллион сом күрөөгө койгонун, бирок камсыздандыруу төгүмдөрү көбөйгөндүктөн фонд 1 миллиард 200 миллион сомго көбөйгөнүн белгиледи. Учурда базалык бөлүгү даяр эмес, Каржы министрлиги кодексти бүтүрө элек.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.