Социалдык фонд 2022-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,5-16,0% жылдык кирешелүүлүгү менен 5 422 473,2 миң сом инвестициялаган. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 365 күндүк мөөнөт менен 3 309 937 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-18,5% чегинде болгон.
Алсак, өткөн мезгил ичинде МТПФнын каражаттарынан жалпы суммасы 8 732 410,2 миңсом инвестицияланган.
Отчеттук мезгилде 1 493 987,5 миң сом суммасында мамлекеттик баалуу кагаздар жана 3 640 000,0 миң сом суммасында депозиттер кайтарылган.
2022-жылдын январь-октябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
Бардыгы болуп 2022-жылдын январь-октябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 2 797 968,7 миң сом киреше алынган.