“Первая металлобаза” компаниясы облигациялар боюнча төлөнгөн кирешени жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Чегерилген кирешенин суммасы 4 млн. сомду түздү. Алар 171 облигация ээлеринин ортосунда бөлүштүрүлгөн.
Алардын 3,9 млн сому 136 облигация ээлерине төлөнүп бүтсө, калган 35и төлөнө элек.