ОСАГО боюнча биринчи иш. Жабырлануучуга 75 миң сом төлөнөт

16.02.2023, 14:02 Акчабар
ОСАГО боюнча биринчи иш. Жабырлануучуга 75 миң сом төлөнөт

"АЮ Гарант" камсыздандыруу компаниясы автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (OСАГО) боюнча биринчи камсыздандыруу окуясын тааныды. Жабыркаган тарапка 75 миң сом берилет.

Бишкекте 28-январда биринчи жолу ОСАГО камсыздандыруу окуясы катталган.

Маалым болгондой, унаа ээси камсыздандыруучу компанияга жол кырсыгы тууралуу дароо кабарлап, бул фактыны Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик инспекциясына каттап, бардык зарыл процедуралардан өткөн.

"ОСАГО мыйзамынын талаптарына ылайык, камсыздандыруу компаниясы көз карандысыз автоэкспертиза компаниясына кайрылган. Баалоонун жыйынтыгы менен жабыркаган транспорттун ордун толтуруунун баасы 75 миң сомдон ашык суммада аныкталган. "АЮ Гарант" бул окуяны камсыздандыруу окуясы катары тааныды жана жабыркаган тарапка камсыздандыруу компенсациясын төлөп берүүгө даяр", - деп билдирет компания.

Тэги: новости Кыргызстана ОСАГО страховой случай возмещение

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу