Мамлекеттик ипотекалык компания, Жалал-Абад шаардык мэриясы жана Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин ортосунда үч тараптуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Ага ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания Жалал-Абад шаарында курулуш тармагына инвестиция жасап, көп кабаттуу үйлөрдү курууга макулдашты. Курулган көп кабатуу үйлөрдөгү батирлер Жалал-Абад мэриясынын, бюджеттик мекемелердин, муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине жана мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасынын катышуучуларына берилмекчи.
Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти көзөмөлдөйт.