Биринчи май акимиаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында потенциалдуу инвесторлорду кызматташууга чакырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын сайтында маалымдалды.
Маалым болгондой, пилоттук долбоорго ылайык, борбордо "Турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын муниципалдык сорттоо пункттарын" куруу каралууда.
"Долбоор боюнча, таштандыларды иргеп алуу үчүн экологиялык аянттын жалпы аянты унаа жолу менен 80-100 чарчы метрден ашпайт. Анын айланасы 1-1,2 метр бийиктиктеги тосмо менен курчалган. Ошондой эле жакшы жарыктандыруу, борбордук коммуникация системасына кошулуу (суу, канализация жана электр энергиясы) болушу керек", - деп билдирет мэрия.
Ошондой эле, аянтчага таштанды контейнерлери жана 15-16 чарчы метрден ашпаган катуу таштандыларды сорттоочу жай орнотулат.