Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 101,4%га аткарылды

16.04.2024, 11:20 Акчабар
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 101,4%га аткарылды

2023-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 352,8 млрд сом планынын ордуна 357,7 млрд сомду түздү. План 101,4 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору Үмүтжан Аманбаев билдирди.

2022-жылга салыштырмалуу киреше 32,3%га өскөн.

Салыктык түшүүлөр план боюнча 262 млрд сом болсо, 266 млрд сом салык түшкөн. Салыктык эмес кирешелер 75,4 млрд сомду (+1,3 млрд сом) түзгөн. 

Расмий трансферттер 16,7 млрд сомдук пландын ордуна 16,2 млрд сом суммасында аткарылган. Бул мамлекеттик инвестициялардын 83,1%га азайышына байланыштуу. 

Тэги: республиканский бюджет новости Кыргызстана Минфин КР неналоговые доходы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу