Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам 11-июнда аткарылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамды кореялык авиакомпания аптасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарат.
Белгилеп кетсек, Түштүк Кореянын борборуна Бишкектен туруктуу аба каттамдары биринчи ирет кое берилет.