128 млн долларга Ысык-Көл айланма жолунун курулушу пландалууда

28.06.2021, 15:00 Акчабар
128 млн долларга Ысык-Көл айланма жолунун курулушу пландалууда

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинде Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкы, ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду ортосундагы Корумду-Балбай участкасында Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Мирлан Байгончоков Корумду-Балбай жолунун узундугу 81 чакырым, ал 4-тилкелүү 2-категориядагы жол экендигин айтты. Жолдун курулушуна үч эл аралык каржы уюмунан 128 миллион доллар жумшалат. Бул каражаттын 35% гранттык каражат. Насыя 2,5 жылдык үстөк менен 23 жылдык мөөнөткө берилет.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар жолдун курулушу жакшы нерсе экендигин, бирок насыянын үстөк пайызы өтө жогору деп белгилешти.

Белгиленгендей, буга чейин республикадагы жолдорду оңдоого бюджеттен эки миллиард сом бөлүнсө, быйыл бюджеттин тартыштыгынан 600 миллион сом бөлүнгөн.

Ысык-Көл айланма жолунун жалпы узундугу 440 чакырымды түзөт. Учурда Балыкчы-Корумду жолунун 23 чакырымы бүтө элек. Буга чейин жолду курууга жана оңдоого 3,8 миллиард сом бөлүнсө, кытайлык компаниянын карызы 75 миллион сомду түзөт.

 

Тэги: строительство дорог деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу