Быйылкы жылдын 30-декабрында Кувейт—Бишкек—Кувейт багыты боюнча кошумча чартердик каттамдарды ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Jazeera Airways авиакомпаниясы Бишкектен Кувейтке 2022-жылдын 30-декабрында жана 2023-жылдын 1, 2, 4, 13, 15, 19-январында кошумча чартердик каттамдарды аткарат.
Буга чейин аталган каттам боюнча үзгүлтүксүз каттамдар аткарылып келген: жумасына 4 рейс (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума).