Мобилизация башталгандан кийин орусиялыктардын массалык түрдө чет өлкөгө кетүү тенденциясы кабыл алган өлкөлөрдүн экономикасына оң жана терс таасир этиши мүмкүн. Бул тууралуу АӨБнын Борбордук жана Батыш Азиядагы иши боюнча брифингде айтылды.
АӨБ орусиялыктардын башка өлкөлөргө көчүп кетишинин таасири тууралуу жыйынтык чыгарууга али эрте деп эсептейт. Бирок мындай миграция кабыл алуучу өлкөлөрдүн экономикасына оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени мигранттар оң социалдык-экономикалык кырдаалда болгондуктан, алар өздөрү менен ири суммада акча алып келишет. Ошол себептүү алардын сатып алуу жөндөмдүүлүгү кыйла жогору.
Кошумчалай кетсек, алардын арасында экономиканын өнүгүшүнө салым кошо турган квалификациялуу адистер көп.
“Жалпысынан Борбор Азиянын экономикасынын регенерациясынын темпи биз күткөндөн алда канча тез болгонун байкадык. Бирок Орусиядагы мобилизацияга байланыштуу тобокелдиктер бар. Белгилүү бир сандагы мигранттар өз өлкөлөрүнө кайтып келүүгө аракет кылып жатышат. Эгерде бул улана берсе, натыйжа терс болушу мүмкүн. Анткени алар башка рынокто иш таппай калса, өз өлкөлөрүндө иш издешет”, - деди АӨБнын Борбордук жана Батыш Азия боюнча улук кеңешчиси Синди Малвичини.
Мындан тышкары, башка тобокелдиктер сакталып турат. Алардын негизгиси инфляциянын тездеши деп атоого болот. Кыймылсыз мүлк базарында баалардын көтөрүлүшү байкалууда.
АӨБнын айтымында, орусиялыктардын агымынын экономикага тийгизген таасири тенденциянын узактыгына, бизнестин жана бийликтин чечимдерине жараша өзгөрүшү мүмкүн.