Бүгүнкү күндө Финнадзор 300гө жакын арызды карап чыкты, дагы 20 арыз каралууда. Бул тууралуу каржы рыногун көзөмөлдөө бөлүмүнүн адиси Абай Кадралиев маалымат жыйынында билдирди.
Ал тактап айткандай, арыз ээлерин текшерүү пайыздык, айыптын суммасы жана башка параметрлер боюнча жүргүзүлөт.
"Финнадзор карыз алуучулардын арыздарын кароо жана аларда көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн "Сомо" ломбардына жөнөттү. Ошондой эле, тынымсыз негизде "Сомо" күрөөканасынын ишмердүүлүгүндөгү абал боюнча насыя алуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деди ал.
Мындан тышкары, Финнадзор кызматкерлери бардык жагдайларды тактоо үчүн "Сомо" ломбардынын насыя алуучулары менен байланышып, кырдаалдан чыгуу боюнча кеңештерин беришти.