Күз-кыш мезгилине даярдык боюнча кылмыш иши козголду

14.10.2022, 12:28 Акчабар
Күз-кыш мезгилине даярдык боюнча кылмыш иши козголду

Күз-кыш мезгилине даярдыкты текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулуккоммунэнерго” мамлекеттик ишканасынын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары тууралуу текшерүү жүргүзүлдү.

Алсак, ушул жылдын апрель айында “Кыргызжылуулуккоммунэнерго” ишканасында анын “Нарын МПТ” филиалына 2 даана КВм-2,5 МВт от казандарын сатып алуу конкурсу өткөрүлгөн. Бул конкурстун жеңүүчүсү болуп “О.ц.З.К.” ЖЧКсы табылган.

“Кыргызтеплокоммунэнерго” МИ менен аталган ЖЧКнын ортосунда жалпы суммасы 9 млн 499 миң 840 сомдук жабдууларды алып келүү келишими түзүлгөндөн кийин жогоруда аталган коомго 50% өлчөмүндөгү жалпы суммасы 4 млн 749 миң 920 сомду түзгөн алдын ала төлөм төлөнүп берилген.

Келишимдин шарттарына ылайык, “О.ц.З.К.” ЖЧКсы 2022-жылдын 31-июлуна чейин от казандарды алып келүүгө милдеттүү болгон.

"Бирок, аталган ЖЧКнын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, көрсөтүлгөн мамлекеттик акча каражатын алып, жогорудагы от казандарды сатып алуу үчүн максаттуу пайдаланбастан, бул каражаттарды өзүнө ыйгарып алышкан. Натыйжада “О.ц.З.К.” ЖЧКсы ушул күнгө чейин жогоруда аталган от казандарды сатып алуучунун – “Кыргызтеплокоммунэнерго” Мамлекеттик ишканасынын кампаларына жеткирбегендиктен, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тэги: Генпрокуратура ОЗП ГП «Кыргызтеплокоммунэнерго»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу