Кыргызстан биринчи кварталды 2 млрд сом бюджет таңсыктыгы менен жапты

12.04.2023, 11:51 Акчабар
Кыргызстан биринчи кварталды 2 млрд сом бюджет таңсыктыгы менен жапты

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2023-жылдын биринчи кварталында республикалык бюджеттин кирешеси 66 миллиард 344,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу каржы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын директору Улан Даникеев билдирди.

Бул белгиленген пландан 5,5 млрд сомго жогору, ошондой эле 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,8%га же 12,8 млрд сомго көп.

"Салыктык кирешелер 53,8 миллиард сомду, салыктык эмес кирешелер 10,9 миллиард сомдон ашык, расмий трансферттер 1,6 миллиард сомду түздү", — деди Даникеев.

Мында республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 68 миллиард 349,8 миллион сомду түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сумма 19,3 млрд сомго көбөйгөн.

"Бюджеттик мекемелерден чыгашалардын социалдык маанилүү беренелери боюнча, анын ичинде эмгек акы, Социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш, жөлөк пул, стипендия жана мамлекеттик карызды тейлөө беренелери боюнча келип түшкөн бардык кайрылуулар толугу менен канааттандырылды", - деп ишендирди Борбордук казыналыктын директору.

Тэги: новости Кыргызстана дефицит республиканский бюджет деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу