Быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча бюджет тартыштыгы ИДПга карата 1,2% деңгээлинде болжолдонууда

03.12.2021, 10:53 Акчабар
Быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча бюджет тартыштыгы ИДПга карата 1,2% деңгээлинде болжолдонууда

Кыргызстандын фискалдык саясаты 2021-жылы экономикалык өсүшкө бир аз таасир этет, деп билдирди Евразия өнүктүрүү банкынын серепчилери.

2021-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин профицити ИДПга карата 1,1% түздү. Бир жыл мурда тартыштык ИДПга карата 4,1% түзгөн.

2020-жылдын январь-август айларында кирешелердин ИДПга карата 25,8%дан 31,4%га чейин өсүшү салык жыйымдарынын өсүшү менен шартталган – негизинен киреше жана кошумча нарк салыгы. Көрсөткүчтүн жакшыруусуна төмөнкү базанын таасири жана салык салуу процессинин санариптештирүү таасир эткен”, - деп айтылат банктын макроэкономикалык баяндамасында.

Ошол эле учурда, 2021-жылдын январь-август айларында чыгашалар ИДПга карата 30,3%га чейин өстү, бир жыл мурун ал ИДПга карата 29,9%ды түзгөн. 

"2021-жылдын акырына карата бюджеттин тартыштыгы ИДПнын 1,2% деңгээлинде пландаштырылганын эске алуу менен, жылдын калган бөлүгүндө ички керектөө суроо-талабын колдоочу мамлекеттик чыгымдардын көбөйүшүн күтүшүбүз керек. Бирок, фискалдык импульстун таасири бир жыл мурункуга караганда азыраак болот”, - дешет серепчилер.

Тэги: бюджет дефицит Крыгызстан прогноз ЕАБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу