Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жумушсуздардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 2,5%га, ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,5%га кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтында маалымдалды.
"Отчеттук мезгилде республикада иш менен камсыз болгондордун саны 2 миллион 537,9 миң адамды, жумушсуздардын саны 142,6 миң адамды түздү", — деп айтылат маалыматта.
Республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,9%ын түздү.
Белгилеп кетсек, жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане