Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 7% түздү

13.01.2023, 10:31 Акчабар
Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 7% түздү

Былтыркы жылдын январь-декабрында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү болжол менен 426 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өндүрүштүн көлөмү 11,4 пайызга, негизги металлдарды чыгаруунун өсүшүнүн эсебинен (21,5 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (27%ке), мунай продуктуларын өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен (12,3%ке), тамак-аш азыктары (анын ичинде суусундуктар) жана тамеки буюмдары (11,1%ке), текстиль өндүрүшүндө, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын өндүрүүдө (7,2%), ошондой эле тоо-кен казып алуу өнөр жайында (8,2%га) өстү.

“Курулушта оң тенденциялар байкалды, анда көлөмдүн өсүшү 8%ды, айыл чарбасында - 7,3%ды, дүң жана чекене соодада - 7,5%ды түздү”, - деп белгиледи Улуттук статистикалык комитеттин башчысы.

Тэги: экономика новости Кыргызстана Нацстатком КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу