Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарынын жыйынтыгы. Биргелешкен холдинг түзүлөт

13.12.2022, 16:28 Акчабар
Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарынын жыйынтыгы. Биргелешкен холдинг түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында 9 эл аралык документке, анын ичинде биргелешкен холдинг түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммед Саиф Аль-Сувайди жолугушуусунда белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы кыргыз-эмират мамилелери жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи. 

“Учурда биздин мамлекеттик органдар биргелешкен холдинг түзүү боюнча документти ратификациялоону тездетүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Келишим жакында күчүнө кирип, компания өз ишин баштайт. Бул эки өлкөнүн инвестициялык кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгараары шексиз”, - дейт Акылбек Жапаров.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жапаров айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылуу, өлкөдө арзан турак жайларды куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорлоруна көңүл бурду.

“Өз кезегинде БАЭ тарап стратегиялык долбоорлорду каржылоодо өнөктөш болууга жана экономиканын маанилүү секторлоруна багытталган долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди”, - деп белгиледи Министрлер кабинети.

 

Тэги: новости Кыргызстана Акылбек Жапаров ОАЭ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу