Ушул жылдын үч айында мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 5,4 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 24,1%га көп. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Ошону менен бирге бардык региондордо көлөмдүн өсүшү белгиленген.
Бир кыйла өсүш (2022-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу) Чүй облусунда (+789 млн 700 миң сом) жана Бишкек шаарында (+585 млн 600 миң сом) белгиленди. Көлөмдөр эң аз Нарын облусунда - 1 млн 400 миңге көбөйгөн.