МЖӨ боюнча ишке ашырылган долбоорлордун көлөмү 20 млрд сомго бааланды

29.09.2022, 13:23 Акчабар
МЖӨ боюнча ишке ашырылган долбоорлордун көлөмү 20 млрд сомго бааланды

2022-2026-жылдарга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын негизги максаты 100 миллиард сом өлчөмүндө жеке инвестицияларды тартуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө МЖӨ борбору 20 миллиард сомдук долбоорлорду ишке ашырды. Бул тууралуу МЖӨ борборунун директорунун орун басары Улан Данилбеков билдирди.

Ал белгилегендей, бул МЖӨ портфелин 30дан 55%га чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.

"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында кол коюлган келишимдердин саны 3төн 16га чейин өстү. Бул МЖӨ жөнүндөгү жаңы мыйзамдын эффективдүүлүгүнөн кабар берген белги. Ал процедураларды абдан жөнөкөйлөштүрдү. Бүгүнкү күндө биз саламаттык сактоо, айыл чарба, шаар куруу жана спорт боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатабыз", - деди Данилбеков.

Борбордун директорунун орун басары ошондой эле 5-6-октябрда Эл аралык МЖӨ конференциясы өтөөрүн, ага ири каржы институттары, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатында адистешкен ар кайсы өлкөлөрдөн 20дан ашык спикерлер катышаарын кошумчалады.

Тэги: новости Кыргызстана ГЧП проекты ГЧП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу