Ушул айдын 3-декабрына карата “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун үч категориясы боюнча жалпы суммасы 4 миллиард 699 миллион 836 миң сомго жалпысынан 8 миң 274 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
“Өсүмдүк чарбасы” категориясы боюнча жалпы суммасы 1 млрд 203,3 млн сомго 2933 насыя берилген;
“Мал чарбасы” категориясы боюнча жалпы суммасы 2 млрд 433,6 млн сомго 4 миң 993 насыя берилген;
Айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүгө жалпы суммасы 1 млрд 62,9 млн сомду түзгөн 348 насыя берилген.
Кошумчалай кетсек, насыялар төмөнкү банктар тарабынан берилүүдө. Алар Айыл Банк, РСК Банк, KICB, Капитал Банк, Кыргызстан Коммерциялык банкы.