“Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоорунун үч категориясы боюнча 14-октябрга карата жалпы суммасы 4 миллиард 528,2 миллион сомго 8 миң 146 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
- “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” категориясы боюнча жалпы суммасы 1 млрд 174,9 млн сомго 2878 кредит берилген;
- “Мал чарбасы” категориясы боюнча жалпы суммасы 2 млрд 421,3 млн сомго 4 миң 962 кредит берилген;
- “Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү” багытында жалпы суммасы 931,9 млн сомдук 306 кредит берилген.
Белгилеп кетсек, акыркы отчет - 10-октябрдан бери дагы 22 насыя берилген.
Тэги: новости Кыргызстана ФСХ-10 Минсельхоз