Келерки жылы экономиканын өсүшү 4,9% деңгээлинде күтүлүүдө

15.11.2022, 17:12 Акчабар
Келерки жылы экономиканын өсүшү 4,9% деңгээлинде күтүлүүдө

Экономика жана коммерция министрлигинин божомолуна ылайык, 2023-жылы ИДӨ 1 триллион сомдон ашат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өткөн коомдук угууда аталган мекеменин жетекчиси Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, келерки жылы экономикалык өсүш 4,9% деңгээлинде күтүлүүдө. Кумтөрдү эсепке албаганда 4,4%ды түзөт.

"Айыл чарбасында 2,2%, өнөр жайда 8%, "Кумтөрдү" эсепке албаганда 6%, кызмат көрсөтүүдө 4,5%, курулушта 5% өсүш күтүлүүдө", - деди Амангелдиев. 

Ошондой эле, министр келерки жылы эң көп каражатты транспорт тармагына 12,7 млрд сом бөлүү пландалып жатканын билдирди. Бул жалпы мамлекеттик инвестициянын 27,3%ын түзөт. Энергетика тармагына инвестициянын көлөмү 11,3 млрд сом болуп, жалпы көлөмдүн 24,2%ын түзөт.

Амангелдиев негизги капиталга чет элдик түз инвестициянын көлөмү 11,5 миллиард сом болорун белгиледи. 

"Бул KAZ Minerals, Full Gold Mining, "Чаарат", "Альянс Алтын", "Газпром Кыргызстан", "Кайди", жана мунайды кайра иштеп чыгуучу "Байел-3" заводуна салынган инвестициялар", - деп түшүндүрдү ал.

Келерки, 2023-жылы капиталдык салымдардын жалпы көлөмү министрликтин болжолдоолору боюнча 156,5 млрд сомду (+6%) түзөт.

Тэги: новости Кыргызстана экономика Данияр Амангелдиев ВВП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу