Ишкерлерди колдоо максатында Кепилдик фонду 2 миллиард сомго кошумча капиталдаштырылганын президент Садыр Жапаров маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдын октябрынан бери 1,1 миллиард сомго кепилдиктер берилген, анын жардамы менен ишкерлер коммерциялык банктардан 3,6 миллиард сомго насыя алышкан.
“Кепилдик фондунун атайын программасы аркылуу 680 ишкер дээрлик 1 миллиард сомго жеңилдетилген насыя алышты”, - деди Садыр Жапаров.