Мамлекеттик салык кызматы “Кудайберген” базарын текшерүү учурунда, базардын ээлери кошумча 2 миллион сом салыкты кем төлөгөндөрүн аныктаган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында белгилүү болду.
Жыйындын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын жакын туугандары болгон “Кудайберген” базарынын кожоюндары 70 миллион сом салыкты аз төлөгөндүгүн айтты.
Анын айтымында, базарда 3 миңден ашык контейнер бар жана базар ээлеринин Мамлекеттик салык кызматына берген отчетуна ылайык, ар бир контейнердин ижара акысы айына 2000-3000 сомду түзөт. Ошол эле учурда, Салык кызматы текшерүү учурунда ижара акысы 7 миң сомдон 15 миң сомго чейин экендигин аныктаган. Башкача айтканда, салык төлөмдөрү жогору болушу керек болчу.
Бирок, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов УКМКнын башчысы атаган кем төлөмдүн суммасын тастыктаган жок. Анын айтымында, быйыл жай айларында “Кудайберген” базарын текшерүү иши 2,5 айга созулган. Натыйжада салык органдары 2 миллион сом салыктын кем төлөнгөнүн аныктаган.