2021-жылдын октябрь айында республика боюнча картошканын орточо баасы 32,41 сомду түздү. Өткөн жылдын октябрь айында картошка орто эсеп менен 22,98 сомго бааланган. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалым болгондой бир айдын ичинде эле республика боюнча картошка орточо эсеп менен 9%га кымбаттады.